Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Куу амалдуу, шылуун, митайым. 2. Сыйкырчы дубакөй, каалаганын болтуруучу сырдуу дубаны – атайын окууну билген адам. Аяр экен акыр деп («Манас» С. О.). Төгөрөктөн кабардар Төрт аяры дагы бар («Манас» С. О.). Алтымыш аяр, миң балбан, Арстан өзүм баш болуп («Манас»). 3. Алды-артын байкап иш кылган кыраакы, этиет. Алооке деген хан экен, Аяр чалыш жан экен («Манас»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»). Эне Татыбектин кыжырына тийбөө үчүн аяр мамиле кылды (Байтемиров). Аяр басып, алдыртан карашып, кыздар, келиндер киришти (Сыдыкбеков).